Депутат Москва районундагы балдарга майрам уюштурду

Депутат Москва районундагы балдарга майрам уюштурду

Бүгүн, 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханджеза жылдык салтты улантып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга майрамдык иш-чара уюштурду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу майрамга Чүй облусунун Москва районунан келген балдар жана алардын ата-энелери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө концерттик программа жана ар кандай сынактар ​​уюштурулуп, таттуулар коюлган майрамдык дасторкон жайылып, балдарга атайын белектер тартууланды.

Депутаттын Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата куттуктоосу Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылынын борбордук аянтында улантылды.

Депутат Карим Ханджеза өз сөзүндө Балдарды коргоонун эл аралык күнү жөн гана майрам эмес, алырды билим алууга, зордук-зомбулуктан жана эмгек эксплуатациясынан коргоо боюнча балдардын укуктарын чоңдордун эсине эскерткен күн экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле балдардын укуктарын камсыз кылуу биринчи кезекте ата-энелердин өздөрүнүн, ошондой эле мамлекеттин, коомдун жана ар бир чоң адамдын милдети экенин кошумчалады.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Карим Ханджеза бардык балдарга чың ден соолук, окууда жана спортто мыкты жетишкендиктерди жана чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>