Эки жыл мурда соттолгон «Казак» эмнеге абакта эмес? Соттун жообу

Эки жыл мурда соттолгон «Казак» эмнеге абакта эмес? Соттун жообу

Жакында эле Ош шаарында «Казак» каймана аты менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Умар Маратов жана Ж.А. аттуу жаран опузалоого шектелип кармалып, бирок шаардык соттун чечими менен эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан чыкты.

Маалыматка караганда, алар былтыр Жалал-Абадда Бишкектин тургунунун Toyota Camry унаасын тартып алып, башка жаранга сатып жиберген деп шектелүүдө.

Коомчулукка белгилүү болгондой, Умар Маратов 2020-жылы 26-майда Ош шаардык соттун өкүмү менен 16 жашар кызды зордуктаган деп айыпталып 10 жылга эркинен ажыратылган. Ага байланыштуу жарандар «эмне себептен ал абакта отурган жок?» деп суроо салышкан.

Бул жагдайды тактоо үчүн Reporter.kg Жогорку сотко кайрылды. Жогорку соттон билдиришкендей, биринчи инстанция Умар Маратовго өкүм чыгаргандан кийин иш 2021-жылдын 27-октябрында Ош облустук сотунда каралып, облустук сот аны актаган. Андан кийин иш 2022-жылдын 2-июнунда кассациялык сотто каралып, Жогорку сот облустук соттун Маратовду актоо тууралуу өкүмүн күчүндө калтырган.

Ошондой эле, жергиликтүү ММКлар жазгандай, мындан мурда Умар Маратовдун «бейбаштык» боюнча иши Ош шаардык сотунда каралган. Бирок жабырлануучу тосмо арыз жазгандыктан, иш кыскартылган.

Видео: Ошто опузалоого шектелген УКТ мүчөсү «Казак» камактан чыкты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>