Депутат онлайн-дүкөндөр окуучуларга баңгизат сатып жатканын айтты

Депутат онлайн-дүкөндөр окуучуларга баңгизат сатып жатканын айтты

Бишкекте мектеп окуучулары дарыканада сатылган айрым дарыларды баңгизат катары колдонууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча ага балдардын ата-энелери кайрылган.

«Өзгөчө Бишкекте жаш балдар, мектеп окуучулары баңгизат менен алектенип, дарыканадан атайын дарыларды сатып алышат экен. Ал дарылар башка оорулар үчүн арналган. Бирок аны кайсы бир өлчөмдө колдонсо, баңгизаттын таасириндей болот экен. Жети-сегиз түр дарыны айтышты, аттарын айтпай эле коеюн. Биздеги дарылканаларда ал дарылар окуучуларга эч кандай рецепти жок сатылып жатыптыр. Болгондо да, кечки убакытта баасын жогору кылып сатып жатышканын белгилешти. Бул маселени көзөмөлгө алуу керек», — деди ал.

Алиев синтетикалык баңгизаттардын сатылышы боюнча маселени көтөрдү. Депутат Телеграм каналдар аркылуу окуучу менен студенттерге синтетикалык баңгизаттарды саткан интернет дүкөндөр бар экенин айтты.

«Аларды кармоо татаал иш экен. Менин оюмча, укук коргоо органдары тиешелүү адистерди тартып, аларды кармоо ишин күчөтүшү керек. Алар баңгизатты криптовалютага сатат экен. Ортомчулар да акчаны кайсы жакка бергенин билишпейт. Россияда да биздин жаш мекендештер (тамак-аш, буюмдарды) жеткирүүчү болуп иштеп, баңгизат менен кармалгандар көп болууда», — деди Алиев.

Ал бул олуттуу маселе экенин белгилеп, көзөмөлгө алуу керектигин айтты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>