Нурлан Мотуевдин үйүнө түндө кол салуу болду – видео

Нурлан Мотуевдин үйүнө түндө кол салуу болду – видео

Нурлан Мотуевдин үйүнө кол салуу болду. Бул тууралуу ал өзү билдирип, видеосун жарыялады.

Анын айтымында, окуя 9-февралга караган түнү саат 02:00дө болгон.

“Мен дароо эле «102» кызматына чалдым, милиция кызматкерлери  келгичекти кошуналарыма байланыштым. Алар дарбазанын эшиги ачык калганын айтышты. Аны ичине киргендер, гараждан унаанын номерин алып кетишиптир”, — деди Нурлан Мотуев.

 

Эки күн мурун социалдык тармактарда Нурлан Мотуев зордуктоого шектелип жатканы тууралуу маалымат пайда болгон. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 7-февралда билдиргендей, К.С. аттуу кыз ушул жылдын 3-январында милицияга кайрылып,  Нурлан Мотуевге чара көрүүнү өтүнгөн.

Буга чейин 2022-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясына Нурлан Мотуев арыз менен кайрылган. Ал өз арызында Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 12:40 чамасында белгисиз 3 адам ага карата күч колдонуп, уруп сабап, кара түстөгү барсеткасын тартып алганын билдирген.

Кийинчерээк сабаган жаран кармалганы маалымдалган.

Түрмөдөгү таанышы өч алган. Мотуевдин сабалышынын чоо-жайы

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>