“Прадо” күлүгү менен алыскы айылда кызмат кылган милиционер — видео  

“Прадо” күлүгү менен алыскы айылда кызмат кылган милиционер — видео  

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Калинин жана Терек-Суу айылынын милициянын аймактык тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Токтоналы уулу Жекшенбек 2014-жылдан бери ички иштер органдарында кызмат өтөөдө. Ички иштер органдарындагы алгачкы кызматын Атайын операциялар отрядында кызмат өтөө менен баштаган.

ИИМдин басма сөз кызматы Токтоналы уулу Жекшенбек менен баарлашты.

Бала чагынан  спорт менен достошкон офицер коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп, кылмыштуулук менен күрөшүүдөн сырткары айылдын жаш муунун сергек жашоого чакырып, спорттук мелдештерди уюштуруп, жаштарды туура жолго салууга болгон күчүн жумшап келет.

“Ат адамдын канаты” демекчи  Жекшенбек мырзанын “Прадо” аттуу аты бар. Аны менен  айылдын аймагын кыдырып,  коомдук коопсуздукту камсыздоого дайыма чогуу чыгышат.

“Прадо” күлүк аттардан болгондуктан, Кыргызстан боюнча ат чабыш оюнунда биринчи орунду ээлеген. Мындан сырткары ал оодарыш жана улак  тартыш оюндарына катышып келет. Өзү Ача-Кайыңды айылында жашагандыктан, күн сайын “Прадо” менен 8 чакырым аралыгына чейин басып өтүп, жумуш ордуна келет.

Ат-Башы району тоолуу аймак болгондуктан айрым жерлерге унаалар бара албагандыктан, ат менен гана барууга мүмкүн. Ушуга байланыштуу Жекшенбек мырза “Прадо” менен кызмат өтөп келет.

Кошуналар жана тейлеген айыл аймактын тургундары арасында кадыр-баркка ээ болуп,  3 жылдан бери ушул жакта милициянын аймактык  тескөөчүсү болуп кызмат өтөйт.

Кызматтан тышкары үй-бүлөлүк жашоодо жубайынын жана балдарынын камын көрүп келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>