Депутат өлкөдө сейсмологиялык мониторинг жүргүзүүнү сунуштады

Депутат өлкөдө сейсмологиялык мониторинг жүргүзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев “Сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыкты.  Долбоор коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоору жер титирөө учурунда адамдардын өмүрүн, имараттарды жана курулмаларды, жашоо-тиричиликти камсыз кылуу системаларын сактап калуу, ошондой эле жер титирөөлөрдүн кесепетинен жоготуулардын (материалдык, экономикалык жана башка) тобокелдигин  азайтуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруусу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аларга мониторинг жүргүзүү жана контролдо максатында иштелип чыккан.

Маалымкат-негиздемеде белгиленгендей, Кыргызстанда 12 район сейсмикалык кооптуу зонада жайгашкан. Чүй облусунда сейсмикалык кооптуулугу жогору болгон зонага —  Бишкек шаары, Аламүдүн жана Сокулук райондору кирет. Жалал-Абад облусунда — Базар-Коргон, Ноокен жана Сузак райондору,  Ош облусунда — Ош шаары, Араван, Кара-Суу жана Өзгөн райондору, ал эми  Баткен облусунда — Кадамжай району жана Нарын облусунда  — Кочкор району  кооптуу зоналар болуп саналат.

Республиканын аймагында жылына орто эсеп менен 3000 жер титирөө катталат, анын ичинен  он-жыйырмага жакыны беш баллдан ашкан сезилерлик магнитудагы жер титирөөлөр.  Жер титирөөнүн очогу   жер кыртышынын чегинде жайгашкан. Көпчүлүк гипо-борборлор   5 чакырымдан  25 чакырымга чейинки тереңдикте жайгашкан.

“Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматтары боюнча, жарака чөлкөмдөрүнө жанаша болгондуктан, сейсмикалык очоктор жер титирөөлөрдүн энергиясынын өсүшү менен өзүнүн көлөмү боюнча барган сайын чоңойгондон тышкары, түзүмдүк жагынан да татаалдашат.

Кыргызстандын аймагында күчү 8, 9 жана 9 баллдан жогору болгон жер титирөөлөр болушу мүмкүн. Аймактын жогорку сейсмикалуу экендиги Кыргызстандын курулуш тармагына өзгөчө талаптарды коет. Пайдалануудагы  жана жаңы курулуп жаткан имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруштук берүү деңгээлин жогорулатуу максатында узак мөөнөттүү жана максаттуу багыттагы мамлекеттик саясатты жүргүзүү зарыл», —  деп айтылат маалымкат негиздемеде.

Автор белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда сейсмология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен өндүрүш чөйрөсүндөгү башка тармактардын ортосундагы мамилелерди регламенттөөчү атайын ченемдик документ жок.  Ушул мыйзам долбоорунда табигый жана техногендик жер титирөөлөргө сейсмологиялык мониторинг жүргүзүүнүн бирдиктүү республикалык системасын түзүүнү жана мамлекеттин сейсмикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн катуу жер титирөө болгон учурда мамлекеттин, чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана калктын   өз ара мамилелерин жөнгө салуу каралат.

Түркияда 6-февралда болгон 7,7 баллдык жер титирөө масштабдуу кыйроолорго алып келип, 50 миңден ашык адам каза болду.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>