Депутат оң рулдуу унааларды киргизүүгө уруксат бергендерди жазалоону талап кылды

Депутат оң рулдуу унааларды киргизүүгө уруксат бергендерди жазалоону талап кылды

Оң рулдуу унаалар Кыргызстанда кеңири сатылып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин  Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Улукбек Ормонов билдирди.

Ал 2015-жылы Кыргызстанга оң рулду у автоунааны алып келүүгө тыюу салынганын эскертти.

“Автомобиль сатуучу базарда, атайын сайттарда оң рулдуу автомобиль сатылып жатат. Мына кечээ эле көрдүм. Кантип киргизип жатышат? Ага ким уруксат берди? Ким чек арадан өткөрүп, унааны каттап жатат? Бул боюнча укук коргоо органдары текшерип чыксын”, — деди  Улукбек Ормонов.

Депутат Дастан Бекешев 2015-жылы 190 миң оң рулду катталса, 2015-2020-жыл ичинде дагы 170 автомобиль Кыргызстанда каттоодон өттү.  Эл өкүлү оң рулдуу таксиге тыюу салуу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартууну сунуштап жатат.

Оң рулдуу таксилерге 2030-жылга чейин тыюу салбоо сунушталды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>