Парламентте оң рулдуу таксилерге уруксат берүү сунушу өткөн жок

Парламентте оң рулдуу таксилерге уруксат берүү сунушу өткөн жок

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешевдун шаар ичинде оң рулдуу таксилерге  уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору четке кагылды.

Эл өкүлү оң рулдуу унаа менен такси кызматын көрсөтүү 2020-жылы тыюу салынганын, бирок ага карабай дагы эле 50 миңдей автомобиль жүргүнчү ташып жатканын айтып, ал тыюу салууну 2030-жылга чейин узартууну демилгелейт.

Депутат мындай транспорт катышкан жол кырсыгы көбүнчө аймактар арасындагы жолдордо болорун белгиледи.

“2020-жылы кырсыктардын  19 пайызы, 2022-жылы 26 пайызы оң рулдуу унаалардын катышуусунда болгон. Бирок милиция кырсык учурунда айдоочу мас болдубу, жолдо жарык бары-жогун жана башка себептерди карабайт”, — дейт Дастан Бекешев.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбеков  депутаттын сөзүн ырастап, шаар ичиндеги кырсыктарда автомобилдин рулунун жайгашышы боюнча анализ жоктугун айтты.

Комитеттин депутаттары укук коргоо органдарына оң рулдуу таксилер боюнча мыйзам долбоорунун аткарылышын күчөтүүнү тапшырды.

Оң рулдуу таксилерге 2030-жылга чейин тыюу салбоо сунушталды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>