Депутат: Россиялыктар кыргыз жарандыгын 300 миң рублга алууда

Депутат: Россиялыктар кыргыз жарандыгын 300 миң рублга алууда

Россиянын атуулдары кыргыз жарандыгын 300 миң рублга алууда. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдриди.

Жыйында «Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» мыйзамга өзгөтүүлөрдү киргизүу маселеси каралып жаткан.

Отурумда сөз сүйлөгөн Дастан Бекешев, этникалык кыргыздар Кыргызстандын жарандыгын оңой алышы керектигин, ага шарт тузүү зарыл экенин айтты. Аны менен бирге айрым компаниялар «Кыргызстандын жарандыгын 300 миң рублга беребиз» деген жарнама чыгарып, россиялыктар Кыргызстандын атуулдугун алып жатканын билдирди.

«Россиялык жарандар 300 мин рублга биздин жарандуулукту алшууда. Кээ бир компаниялар анын жарнамасын чыгарып жатышат. Бул туурабы же туура эмеспи?», — деди ал.

Ал Россиянын жарандарына кыргыз атуулдугунун жеңилдик менен берилишне каршы эместигин, ошол эле учурда, этникалык кыргыздар Кыргызстандын паспортун алууда кыйналып, теңсиздик болуп жатканын билдирди.

«Кыргыздарга жарандуулукту бере албай, башка чет элдиктерге коррупция жолу мененби, берилип жатат. Бирок компаниялар кыргыз жарандуулугун 6-7 айда беребиз деп жарнама кылышууда. 300 миң рубль турат экен»,  — деди ал.

Сөзүн улай ал, Кыргызстанга инвестиция салган чет элдиктерге кыргыз жарандуулугун берүү маселесин карап чыгууга болорун айтты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>