Чет өлкөлүктөр ММК полисин сөзсүз алышы керек. Мыйзам өттү

Чет өлкөлүктөр ММК полисин сөзсүз алышы керек. Мыйзам өттү

Бүгүн, 22-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргызстанда жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева белгилегендей, мыйзам долбоору Алсак, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан калктын айрым категорияларына медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз жана жеңилдетилген шарттарда берүүнү камсыздоого багытталган.

Белгилей кетсек, учурда чет өлкөлүк жарандар медициналык камсыздандыруу полисин ыктыярдуу негизде алышат.

Өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин Кыргызстандын аймагында жашаган чет элдик жарандар милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин 6 айга 9 миң 52 сомго жана 12 айга 18 миң 105 сомго сатып алышы керек.

Негиздемеге караганда, мыйзам долбоорунун авторлору чет элдиктерди камсыздандыруудан бюджетке түшүүчү кирешенин жалпы көлөмү 140 миллион 868 миң сомду түзөрүн күтүүдө.

Кошумчалай кетсек, өлкөнүн жарандары үчүн медициналык камсыздандыруу полиси жылына 1504 сом турат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>