Сокулуктагы өспүрүмдүн кыздын зордукталышы боюнча иш сотко жөнөтүлдү

Сокулуктагы өспүрүмдүн кыздын зордукталышы боюнча иш сотко жөнөтүлдү

Чүй облусунун Сокулук районунда өспүрүм кыздын зордукталышы боюнча козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, бул иш боюнча 2005-жылы туулган М.Т. жана 2004-жылы туулган Т.Д. аттуу жарандар кармалып, камакка алынган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) жана 157-берене (он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча кылмыш иши козголгон. Иш сотко жөнөтүлгөн.

Милиция билдиргендей, аталган факт боюнча башка адамдарга карата материалдар кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Бул иш боюнча шектүүлөрдүн бири болгон 2000-жылы туулган Ж.Б. качып кеткендиктен, издөөгө алынган. Ал кармала элек.

Эскерте кетсек, 20-мартта Акыйкатчы институту Сокулукта 9 эркек 13 жаштагы кызды дээрлик бир жыл зордуктап келгени тууралуу билдирген. Аларга кыздын ата-энеси кайрылып, милиция кылмышкерлерге чара көрбөй жатканын айтышкан. Ошондой эле шектүүлөрдүн туугандары тарабынан кыздын үй-бүлөсүнө коркутуу-үркүтүүлөр болуп келген.

Бул окуя боюнча милиция үн катып, укук коргоо органдары чара көрбөй жатат деген билдирүүгө жооп берген.

Чүйдөгү өспүрүм кыздын зордукталышы. Эки шектүү камакка алынды, бирөө качып жүрөт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>