Депутат Сулайманов октябрь окуясынан кийин Бабанов менен болгон мамилесин ачыктады — видео

Депутат Сулайманов октябрь окуясынан кийин Бабанов менен болгон мамилесин ачыктады — видео

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов саясатчы Өмүрбек Бабанов менен болгон мамилеси солгундабаганын «Жандан» ютуб каналына маек берип жатып билдирди.

Сулайманов Бабановду жеңил күрөштү жакшы көрөрүн, оор күрөшкө аттана албай турганын айтты.

«Бабанов оор күрөшкө чыдай албайт, оор болуп бара жатса жанындагыларды салып берип коёт. Октябрь окуяларында деле жоопкерчиликти өзүмө алам деп балдарды чогулткан, жеңилип баратканда мени өздөрү чакырган деп айтуу менен артка чегинди», — дейт ал.

Алтынбек Сулайманов журналисттин: «октябрь окуяларында эмнеге өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановду колдоп, өзүңүз (ред.А.Сулайманов) барган жоксуз», — деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп берди.

«Башка күчтөр Бабановдун премьерлик кызматка тажрыйбасы бар, убактылуу өкмөттү башкарып, шайлоону кайрадан өткөрүп берет деген ой менен сунушташкан. Биз Бабановду сунуштаган дагы каршы чыккан дагы эмеспиз. Бирок Өмүрбек Бабановго көпчүлүгүнүн ишеними жок экенин, оор мезгил болсо бизге туруп бербейт экенин ошондо эле түшүнгөнбүз», — деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразчылык жаралып, толкундоо болгон. Ошол учурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов кызматынан кетип, анын ордуна саясатчы Өмүрбек Бабанов премьерлик кызматка сунушталган болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>