Депутат Сулайманов: Тентек депутат деле либералга айлана алат — видео

Депутат Сулайманов: Тентек депутат деле либералга айлана алат — видео

Тентектер эмне себептен либерал боло алышпайт, эмне үчүн либералдардын арасында тентектер болбошу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин, депутаты «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Жандан» берүүсүндө журналистин суроосуна жооп берип жатып билдирген.

Эл өкүлүнө: «Саясаттагы жолуңуздун башында тентек депутат катары элге таанымал болчусуз, кийин парламенттеги башкы либерал депуттардын бирине айландыңыз, бул трансформацияга эмне себеп болду?», — деген суроо берилген.

Сулайманов тентек депутаттан либералга айлануунун себеби изденүү экенин айтты.

«Бул мүнөз, кызуу кандуулук, жаштыгың калыптанат. Либерал болуунун негизги себептери – бул изденүү. Мен көпкө ойлондум, эмне үчүн биздин өлкө ордунан чыга албайт деп. Өнүккөн десе эле батыш өлкөлөрүн айтышат деп ойлошот, бирок Азия өлкөлөрүн алалык: Сингапур, Япония, Малайзия, Түркиянын бардыгынын тарыхын карап көрсөм либералдык көз караш менен өнүккөн. Бул өлкөлөрдүн өнүгүү программасын көчүрүп алуунун кереги жок, алардын тажрыйбасын карап, бизге керектүүсүн гана алышыбыз керек. Ишкерликке эркиндик берүү керектигин бүгүнкү күнгө чейин биз мойнубузга ала албай, жетекчилик үстөмдүк кылган башкаруунун үстүндө келе жатабыз», — дейт депутат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>