Бишкекте уу-коргошунга уулангандарга министрлик жоопкерчилик албайт

Бишкекте уу-коргошунга уулангандарга министрлик жоопкерчилик албайт

Бишкекте уу-коргошунга уулангандарга Саламаттык сактоо министрлиги жоопкерчилик албайт. Бул тууралуу аталган мекеменин министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтмында, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүндө жаткандар уу-коргошунду өз алдынча жасап ичишкен.

“Жабыркагандар биздин уу-коргошунду алышкан эмес. Алгач ууланган адамдардан эмнеден ууланганын билүү керек. Булар рак илдетине чалдыккандар, алар өзүлөрү көптөн бери колдонуп келишкен. Ашказан рагы үчүн аконитти илгертен бери колдонулуп жүрүшкөн. Аларга элдик дарылоону жазып берген адам дозасын эсептебесе керек” — деген Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, Бишкекте 63 жаштагы киши уу-коргошундан ууланып тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилген. Ошондой эле уу-коргошун менен өз алдынча дарыланган 2 киши ооруканага түшкөнү кабарланган.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту уу-коргошун менен дарылап жатканын айтып, бүгүнкү күндө 300дөн ашуун адам инфекциядан айыкканын билдирген. Ошондой эле дарыны Садыр Жапаров менен өзү кайнатып жатканын жана анын дозасын президент гана билерин айткан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>