УКМК «Айыл банктын» төрт жооптуу кызматкерин камакка алды

УКМК «Айыл банктын» төрт жооптуу кызматкерин камакка алды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан коррупцияга шектелип, «Айыл Банк» ААКнын бир катар жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси «Коррупция» менен козголгон кылмыш ишинин алкагында акциялары мамлекетке таандык «Айыл Банк» ААКсында коррупциялык схема текшерилүүдө. Анда кредиттик каражаттар максаттуу колдонулган эмес.

«Айыл Банк» ААКсы 2017-жылы «Россиф» ЖЧКсына күрөөнүн баасын жасалма жогорулатуу менен 3,5 миллион доллар (295,7 миллион сом) насыя бергени көрсөтүлгөн. Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын маалыматы боюнча көрсөтүлгөн 348,5 миллион сомдун ордуна 271,8 миллион сомду гана түзгөн. Ошентип сметалык наркынын айырмасы 76,6 миллион сом болгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 8-февралда УКМК тарабынан «Айыл Банк» ААКнын төрт жооптуу кызматкери – М.Н.Т., Ш.У.Ж., С.М.А. жана А.Ж.А. кармалган.

Банк түзгөн туруктуу коррупциялык схема кредиттерди берүүдө коммерциялык субъекттердин кызыкчылыктарын лоббирлөөдө туюндурулганы көрсөтүлгөн. Кармалгандардын баары УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>