Депутат Түмөнбаев: Президенттин кудасы катары ички иштерине кийлигишпейм

Депутат Түмөнбаев: Президенттин кудасы катары ички иштерине кийлигишпейм

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы катары иштерине кийлигишпейм. Бул туурасында депутат “Азаттык” радиосунун ютуб каналындагы түз эфирде журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Ал, “мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алярбек Абжалиев деле депутат болуп отурду, баласы өкмөттө иштеп турду.  Ар кандай иштерге кийлигишип жатканын элдерден угуп жүрдүк. Өзүнүн туугандарына, тааныштарына кызматтарды сурап берип жүрөт деген сөздөрдү укчубуз. Мен президент Садыр Жапаровдон эч кандай талап кылбайм. Элимдин кызыкчылыгы үчүн, президентибибиздин жүргүзүп жаткан саясатын колдоп, мыйзамдарды жазамын деген үмүт менен жүрөм. Элим, мамлекетим үчүн кызмат кылам. Өзүмдүн, жек-жаатымдын кызыкчылыгы үчүн жүгүргөн эмесмин” – деди Түмөнбаев.

Акылбек Түмөнбаев  Ысык-Көл облусундагы №35 Ак-Суу округунан  парламенттик шайлоого катышып, көпчүлүк добушка ээ болуп, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты катары ант берди. Айрым маалыматтарга караганда, Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы. Ал президенттин эжеси Акат Жапарованын күйөөсү Таалайбек Түмөнбаевдин бир тууганы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>