Депутат ызгаардуу суукта окуучуларды убарага салган чиновниктерге чара көрүүнү талап кылды

Депутат ызгаардуу суукта окуучуларды убарага салган чиновниктерге чара көрүүнү талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев мектептерди онлайн окууга өткөрүү боюнча чечимди кеч кабыл алган Билим берүү министрлигиндеги жетекчилерге чара көрүүнү талап кылды.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, Билим берүү министрлигиндеги чиновниктердин айынан балдар суукта убара болуп мектепке барып, сабак болбогондуктан кайра үйүнө кетүүгө аргасыз болгонун белгиледи. Мындан улам тиешелүү жетекчилерге чара көрүү зарыл экенин айтты.

“Кычыраган суукту көрүп жатасыз. Бишкекте 215 миң окуучу бар. Бүгүн алардын баарын азапка салдык. Эртең менен сабакка барышты, баргандан кийин кайра онлайн деп үйүнө жөнөтүп жатышат. Окуучуларды кычырыган суукта катуу түйшүккө салдык. Кандай суук болуп жатканын көрүп жатасыздар. Эмне үчүн бир-эки күн мурун онлайн окуу болот деп эскертүү берилип, министрдин буйругу жиберилген жок? 215 миң окуучуну ушундай абалга калтырган үчүн министрлер кабинети тиешелүү жетекчилерге сөзсүз чара көрүшү керек. Мындан ары мындай нерсе кайталанбашы керек”, — деди Акаев.

Эскерте кетсек, бүгүн, 13-декабрда Кыргызстанда окуучулар эртең менен мектепке баргандан кийин “сабактар онлайн болот” деп үйлөрүнө кайра жөнөтүлгөн. Балдарга жана ата-энелерге окуу онлайн болору тууралуу алдын ала кабарланган эмес. Айрым мектептерде гана онлайн окуу болору тууралуу балдарга айтылган. Билим берүү министрлигин онлайн окуу жөнүндө буйругу бүгүн гана чыкты.

Мектеп окуучулары 15-декабрга чейин онлайн окушат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>