Кыргыз-тажик чек ара тилкесинин 90 пайызы макулдашылды (видео)

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинин 90 пайызы макулдашылды (видео)

Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын талаш аймактары боюнча бир пикирге келди. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын коопсуздук кызматынын башчысы Саймумин Ятимов билдирди.

«Биз чек аранын 120 чакырымын макулдаштык. Жалпы чек ара тилкесинин 90 пайызы чийилип бүттү десек болот», — дейт Саймумин Ятимов.

Камчыбек Ташиев Ятимовдун сөзүн ырастады.

Анын айтымында, алдыда Лейлек районуна караштуу аймактар калды.

«Алар боюнча биз жакын арада чечим кабыл алынат. Ал кайсы тилкелер? Кайрагач, Кулунду, Максат, Арка, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жер жана Жийделик боюнча жумушчу топтун чечими бар. Андан тышкары, Кара-Бак, Ляккан боюнча дагы макулдашууга жетиштик», — деди ал.

Ташиев жумушчу топтун бир нече жолугушуусунан кийин чек араны делимитациялоо иштери толук жыйынтыкталарын белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>