Камактагы Илгиз Шаменов депутаттыкка ат салышат

Камактагы Илгиз Шаменов депутаттыкка ат салышат

Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурган Илгиз Шаменов Бишкектин Ленин райондук шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышат. Бул тууралуу ал «Фейсбук» баракчасы аркылуу билдирди.

Ал шайлоо таза өтсө, жеңишке жетерине ишенерин белгиледи.

«Азыр элимдин жана жараткандын колдоосу менен Кудай деп шайлоого түрмөдөн аттандым. Себеби бирөө гана чындык, адилеттүүлүк үчүн күрөшүү. Кыргызда жакшы сөз бар «көп суур ийин казбайт, ийин казса дагы терең казбайт» деген, анысыңары азыркы эл өкүлдөрүн көрүп жатабыз. Эгер таза, адилеттүү шайлоо өтсө, сөзсүз түрдө жеңип чыгарыма ишенем», — деп жазган ал.

Белгилей кетсек, учурда Ленин райондук шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышунуу каалаган үч адам (Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Марат Арзыкулов) расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына арыз калтырган. Талапкерлердин арызы 27-апрелге чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоонун өзү 28-майда өтөт.

Бишкектин Ленин району боюнча депутат шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан кийин өткөрүлгөнү жатат.

27-мартта Абиров мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>