Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Быйыл “балага сүйүнчү” төлөөгө 740,9 млн сом каралган
01.06.2023 | 13:13
Кыргызстанда быйыл “балага сүйүнчү” жөлөкпулун төлөө үчүн 740,9 млн сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Учурда Кыргызстанда «балага сүйүнчү» жаңы төрөлгөн ымыркайга 4 миң сом өлчөмүндө берилет. Эгер үч эм (же андан ашык) төрөлгөн учурда ар бир наристеге 50 миң сомдон «сүйүнчү» тапшырылат.
Былтыр Кыргызстанда 130,2 миң наристеге 522,8 млн сомго «балага сүйүнчү» берилген.
Үч же төрт эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө 500 миң сомдон берүү сунушталды
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом