Курман болгон аскерлерге «КР Баатыры» наамын берүү сунушталды

Курман болгон аскерлерге «КР Баатыры» наамын берүү сунушталды

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон жоокерлерге «Кыргызстандын баатыры» наамын берүүнү сунуштады.

Депутат Нурлан Шакиев курман болгон жоокерлерге таазим кылуу максатында алардын атын көчөлөргө, шаарларга ыйгаруу сунушталып жатканын айтып, бул демилгени парламент колдошу керектигин айтты.

«Туура маселе көтөрүлүп жатат. Себеби, бул нерсе биздин аскерлерге, өсүп келе жаткан жаштарга чоң дем-күч болот. Биз бул демилгени колдошубуз керек. Айрыкча Эламан Ураимовдун эрдиги… Бул жигитке сөзсүз түрдө «Эл баатыры» деген наамды беришибиз керек. Илгери Чолпонбай Түлөбердиев, Дүйшөнкул Шопоков жасаган эрдиктерди ушул азататтарыбыз кайталап жатат», — деди ал.

Андан кийин сөз алган Улан Бакасов да курман болгон жоокерлердин эрдиги унутулбашы керектигин белгилеп, Мекени үчүн жанын берген аскерлерге «Кыргызстандын баатыры» наамын берүүнү сунуш кылды.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 59 киши каза болду. Алардын ичинен 40ы аскер кызматкерлери.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>