Депутаттар Ошто кан тапшырышты

Депутаттар Ошто кан тапшырышты

Жогорку Кенештин депутаттары кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган жарандар үчүн Ош шаарында кан тапшырышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков, Алишер Козуев, Жылдыз Таалайбек кызы, Эмил Жамгырчиев жана Фархат Исмаиловдор кан тапшырышты.

Учурда аталган депутаттар Баткендеги кырдаал боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан Ош шаарында түзүлгөн штабда иш алып барышууда. Анда эл өкүлдөрү гуманитардык жардам жөнөтүүгө көмөктөшүп, тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте керектүү иштерди жүргүзүүдө. Мындан тышкары эвакуацияланган жарандар менен жолугушуулар өтүүдө.

Ал эми депутаттар Камила Талиева, Чыңгыз Ажибаев, Акылбек Түмөнбаев, Аманкан Кенжебаев, Нурлан Ражабалиев, Мирлан Самыйкожо, Акбөкөн Таштанбеков Баткен облусунда жүргөндүгү маалымдалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>