Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Депутаттардын бири окуучуларга күндөлүк тапшырса, бирөөсү акча чогулткан мечитти ачты
20.08.2024 | 16:37
Жогорку Кеңештин депутаты, «Элдик» депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаевдин атынан Ысык-Көл облусунун Түп, Ак-Суу райондорунун жана Каракол шаарынын мектептеринин окуучуларына күндөлүктөр тапшырылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Күндөлүк депутаттык демилгеси менен чыгарылып, ал 1-4-класска чейинки 17 миң 269 балага берилди.
Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаарында жаңы мечиттин ачылышына катышты.
Маалыматта токтоп калган мечитти куруу үчүн депутаттын демилгеси Жайыл районунда марафон уюштурулуп, 5 миллион сом чогулган. Ага кошумча “Катар” кайрымдуулук фонду 30 миллион сом акчалай жардам көрсөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат