Ошто 70тей көп кабаттуу үйдүн фасаддары жаңыланатӨКМ: Тоолуу аймактарда 10–12-майда сел жүрүү коркунучу барСокулукта 5 күндөн бери изделип жаткан өспүрүм табылдыБишкекте 9-май күнүндөгү иш-чараларда коопсуздук чаралары күчөтүлөтБорбор Азия өлкөлөрү сугат мезгилинде Токтогул ГЭСинен суу берүүнүн көлөмүн макулдаштыМонополияга каршы кызмат: Кыргызстандагы баалар эң жогору эмес — уй эти жана бензин боюнча маалыматтар
Депутаттардын жарымы жок. Комитеттин жыйыны үзгүлтүккө учурады (ВИДЕО)
16.05.2022 | 12:42
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-майдагы жыйыны кворумдун жоктугуна байланыштуу үзгүлтүккө учурады. Мындан улам комитеттин төрайымы Динара Ашимова кворумду чогултуу үчүн тыныгуу жарыялады.
Комитет жетекчиси чакырылгандардан, анын ичинде Билим берүү жана илим министринин орун басары, Бишкек шаарынын вице-мэри, Билим берүү, Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрүнөн кечирим сурап, жыйынды жапты.
Комитетте бардыгы болуп 6 депутат бар:
— Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”)
— Гүлкан Молдобекова (“Альянс”)
— Аида Исатбек кызы (“Ынтымак”)
— Айбек Маткеримов (“Ата Журт Кыргызстан”)
— Айгүл Айдарова (“Бүтүн Кыргызстан”)
— Жылдыз Садырбаева (“Ата-Журт Кыргызстан”).
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат