Депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берди

Депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берди

Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы эл өкүлү Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге депутат Кубанычбек Самаков тактады.

Анын айтымында, Башкы прокуратуранын өтүнүчү боюнча чечим парламенттин координациялык кеңешинин кароосуна жөнөтүлдү.

Кубанычбек Самаков комиссиянын 8 мүчөсүнүн канчасы макулдук бергенин айткан жок. Айрым маалыматтарга караганда, 7 депутат өтүнүчтү колдогон.

Белгилей кетсек, депутаттык топтун чечимин эми парламент карап, добуш берет.

Айрым маалымат каражаттары Эмил Жамгырчиевдин УКМКнын тергөөчүлөрүнөн качып, кечээ парламенттин экинчи кабатынан секирип чыгып кеткенин жазып чыгышты.

Жогорку Кеңеш буга чейин Башкы прокуратуранын депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчүн канааттандырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>