Ысык-Көлдүн тургунун 100 миң сомго алдап кеткен адам кармалды

Ысык-Көлдүн тургунун 100 миң сомго алдап кеткен адам кармалды

Ысык-Көл облусунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл РИИБге Чолпон-Ата шаарынын тургуну, 1968-жылы туулган  М. Г. аттуу жаран  арыз менен кайрылып, чала тааныш болгон 1989-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран ишеничине кирип, көмүр менен иштейбиз деп алдоо жолу менен 100 000 сом акчасын банк аркалуу котортуп, кийинчерек 150 миң сом кылып беребиз деген ооз эки кепилдик берип, качып кеткендиги жөнүндө билдирген. Натыйжада, арыз ээсине келитирлген материалдык чыгым 100 000 сомду түзгөн.

Арыз Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, Кылмыш-жаза Кодексинин 209- (Алдамчылык) беренсинин негизинде кылмыш иши козголгон. Факт боюнча тергөөчүнүн өтүнүчүнүн негизинде Ысык-Көл райондук соту тарабынан камакка алуу чарасы тандалып алынып, издөөгө алынган.

Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн  кызматкерлери тарабынанан тергөө-ыкчам иш-аракеттеринин негизинде,  кылмышка шектүү жаран колго түшүрлүп, тергөө кызматына өткөрлүп берилген.

Ал мурда ушундай эле кылмыш боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну 1989-жылы туулган  Ж. Т. аттуу жаран болуп чыккан.

Ысык-Көл районунун сотунун чечими менен шектүүгө карата үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган. Тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>