Дмитрий Бивол Акылбек Жапаровдон сыйлык алды

Дмитрий Бивол Акылбек Жапаровдон сыйлык алды

Дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Акылбек Жапаров спортчу Дмитрий Бивол Министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, Акылбек Жапаров Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өткөн бокс боюнча эл аралык турнирдин ачылышына катышты.

Салтанаттуу сөз менен чыгып сүйлөгөн министрлер кабинетинин башчысы мындай спорттук иш-чараларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Спорт адамдын ден соолугун чыңдап, физикалык жактан чың кылып гана тим болбостон, акыл-эсин, интеллектуалдык жөндөмүн да өнүктүрөт. Спорт — бул жашоо. Жашоо бул кыймыл. Мындай мелдештер кийинки чемпиондорубуз үчүн чоң түрткү болот. Бул көптөгөн таланттуу жигиттерге бокста өзүн көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», — дейт Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, иш-чарага ардактуу конок катары Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясы боюнча бокс боюнча учурдагы дүйнөнүн чемпиону, Кыргызстандын жараны Дмитрий Бивол катышты.

Дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Акылбек Жапаров чемпионду Министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>