Орусия банктарында АКШ долларына карата чектөө кирди

Орусия банктарында АКШ долларына карата чектөө кирди

Орусиянын Борбордук банкы Батыш өлкөлөрү салган санкциялардын шартында накталай акча колдонуунун жаңы эрежелерин киргизди.

Ага ылайык, банктардын жарандарга накталай валюта сатуусуна тыюу салынат. Мындан тышкары жарандар өз эсептеринен АКШ валютасы менен 10 миң доллардан ашык акча ала алышпайт, калган каражатын ошол күндөгү курс боюнча рубль менен алса болот.

Борбордук банк убактылуу деп атаган бул эрежелер жарым жыл — 9-марттан 9-сентябрга чейин күчүндө болот.

Банктын билдирүүсүндө кардарлардын эсептериндеги бардык каражаттар сакталары жана акчасын берүүдө 10 миң долларлык чектөө болору жазылган. Ошол эле маалда кардардын каражаты башка валюта менен сакталып турганына карабастан, аларга баары бир доллар берилери белгиленген.

«Көрсөтүлгөн мөөнөттүн аралыгында банктар жарандарга накталай валюта сатышпайт. Бирок алар накталай акчаны каалаган учурда жана каалаган көлөмдө рублга алмаштыра алышат», — деп жазылган Борбордук банктын билдирүүсүндө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>