«Жасалма интеллект (ИИ) деп айтпаш үчүн» — спортчу кыз Садыр жана Айгүл Жапаровдорду Ысык-Көлдөн кокусунан жолуктуруп калдыБишкектиктерге ысык суу качан берилери белгилүү болдуКыргызстандын бийлиги туристтерге орой мамиле кылгандар катаал жазаланарын эскерттиБишкекте Жеңиш күнүнө карата автожүрүш өттүӨКМ башчысы Баткендеги сел кооптуу тилкелерде коргоо иштерин тездетүүнү тапшырдыАла-Арчада япониялык эки турист куткарылды — видео
Доллар түштү, товарлар эмнеге арзандабайт? Президенттин жообу
30.05.2022 | 13:29
Дүйнө жүзүндө тамак-аш боюнча эң арзан мамлекет бул – Кыргызстан. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде “Доллардын куну төмөндөсө дагы бензинге, башка азык-түлүккө жана товарларга болгон баалар эмне үчүн арзандабайт?” деген суроого жооп берип жатып билдирди.
Анда президент: “Кошуна мамлекеттер эле эмес, дүйнө жүзү боюнча салыштырып көрсөңөр тамак-аш боюнча эң арзан мамлекет бул – Кыргызстан. Изилдеп салыштырып көрсөңөр толук ынанасыңар. Бир гана күйүүчү май боюнча Казакстан менен Россияда бизге караганда арзан. Бирок бул мамлекеттер нефтинин чордону экенин унутпашыбыз керек. Өздөрүн эле камсыз кылышпастан башка мамлекеттерге дагы экспорт кылышат”, – деп жооп берди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом