«Жасалма интеллект (ИИ) деп айтпаш үчүн» — спортчу кыз Садыр жана Айгүл Жапаровдорду Ысык-Көлдөн кокусунан жолуктуруп калдыБишкектиктерге ысык суу качан берилери белгилүү болдуКыргызстандын бийлиги туристтерге орой мамиле кылгандар катаал жазаланарын эскерттиБишкекте Жеңиш күнүнө карата автожүрүш өттүӨКМ башчысы Баткендеги сел кооптуу тилкелерде коргоо иштерин тездетүүнү тапшырдыАла-Арчада япониялык эки турист куткарылды — видео
ДСУ Пакистандагы суу ташкындан соң, илдеттерден кооптонууда
01.09.2022 | 21:08
Пакистанда болуп көрбөгөндөй суу ташкыны калктын ден соолугуна олуттуу коркунуч туудурат. Өлкөдө безгек, дене ысытмасы жана башка оорулардын андан ары жайылуу коркунучу бар экенин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эскертүүдө.
ДСУ белгилегендей, миллиондогон пакистандыктар медициналык жардам менен дарылоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Муссон жамгырлары себеп болгон селден өлкөнүн аймактарынын төрттөн үч бөлүгү жабыркады. Миңден ашуун адам каза болду. 160 миң адам убактылуу турак жайларда.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар