Кыргызстандан Өзбекстанга 21,7 миң $ алып бараткан жаран кармалды

Кыргызстандан Өзбекстанга 21,7 миң $ алып бараткан жаран кармалды

«Достук» алдын ала бажы жайында декларацияланбаган 21 700 АКШ доллар суммада акча каражатын алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду.

Бажы кызматынын маалыматына караганда, «Түштүк-Батыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте декларацияланбаган акча каражаттарын сыртка чыгаруу фактысын табышты.

«Достук» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайында Өзбекстанга бара жаткан «А.Т.С.» Кыргызстандын жаранынын жеке жүгүнө бажылык текшерүү жүргүзүүдө декларацияланбаган 21 700 АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражаты табылган.

Факт каттоого алынып, материалдар Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>