Бишкекте баланы сүзүп кеткен автобустун айдоочусу күбөлүгүнөн ажыратылганын жашырып келгенКыргызстан менен Беларусь агросектордо жаңы долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты«Кыргыз Петролеум Компани» АИ-80 бензининен АИ-92 маркасын чыгаратБишкек мэриясынын кызматкерлерин велосипедге өтүүгө чакырыштыУКМК Кыргызстанга уюлдук телефондорду аткезчилик менен ташып келүү каналына бөгөт койдуЭмгек министрлиги коррупция тууралуу билдирүүлөр үчүн ишеним телефону иштеп жатканын эскертти
Дыйкандар үчүн жакшы, эл үчүн кымбат. Депутат картошканын баасы 60 сомго жеткенин айтты
05.02.2025 | 11:03
Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров базарда картошканын баасы кымбаттап кеткенин айтты.
Абакиров картошканын 1 килограммы 60-65 сом болуп калганын билдирди.
“Албетте биздин дыйкандар үчүн кубанабыз. Бирок эл үчүн 60 сом оор болуп калат. Азыр ун сатып алсаңыз, бир кап ун 1700-1800 сом болсо, ошол эле салмактагы картошка 2500-3000 сом болуп калды”, – деди ал.
Ал мартта жазгы талаа иштери башталарын, дыйкандарга май жетиштүү болуусуна көңул буруу керектигин айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом