Министрлер Кабинети мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү сунуштоодоУлуттук тарых музейи 2–5-октябрь күндөрү убактылуу жабылатКМШ өлкөлөрүнүн башкы прокурорлору чет өлкөдөгү активдерди кайтаруу боюнча тармак түзүштүКМШ өлкөлөрү коопсуздук чөйрөсүндө кызматташтыкты тереңдетүүдөКР Мамлекеттик салык кызматы компанияларга кызматкерлердин сервистерге кирүүсүн өз алдынча жөндөөгө шарт түздүБишкекте 5-октябрда мектептер жана бюджеттик мекемелер онлайн иштейт
Кыргызстанда канча мал-жандык бар экени айтылды
05.02.2025 | 10:40
Айыл чарба министрлиги 2024-жылдын аягына карата өлкөдө мал-жандыктын саны канчага жеткенин эсептеди.
Министрликтин маалыматы боюнча, 2024-жылдын аягына карата өлкөдө бодо малдын саны 1 млн 828 миң 527ни түздү, мурдагы жылга караганда ал 1,5% га көп. Анын ичинен уйлардын саны 918 миң 638ге жетет.
Кой-эчкинин саны 6 млн 282 миң 810ду түзгөн. Ал 2023-жылга караганда 1,1% га көп. Жылкылардын саны 553 миң 531 башты түзүп, 2 %га көбөйгөн.
Үй канаттууларынын саны 7 млн 724 миң 314кө жетип, 2023-жылга салыштырмалуу 10,5 %га өскөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом