Видео: Чүйдө 3,3 млн сом салынган сейф уурдалып, бир шектүү кармалды

Видео: Чүйдө 3,3 млн сом салынган сейф уурдалып, бир шектүү кармалды

Чүйдүн Аламүдүн районунда 38 миң доллар салынган темир сейф уурдалып, кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-августта милициягак 32 жаштагы Р.А. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, ошол күнү болжол менен саат 04:30да белгисиз адамдар Төмөнкү Ала-Арча айылындагы соода ишканасына кирип, 38 миң доллар (3 млн 370 миң сомдон ашат) жана документтер салынган сейфти уурдап кеткен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдо) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө сырткы жана ички видеобайкоо камераларынын жазуулары алынып, жыйынтыгында 4-5 шектүүнүн болжолдуу фотопортреттери жана «Хонда Фит» унаасы менен жүрүшкөнү аныкталган», — деп билдирет милиция.

31-августта шектүү катары 32 жаштагы Ж.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Андан кийин шектүүнүн үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, 22 миң сом накталай акча жана 24 августта бир эсепке 250 миң сом которгону тууралуу квитанция табылып алынган.

2-сентябрда шектүүнүн бөгөт чарасы каралып, ал камакка алынган.

Учурда башка кылмышкерлерди кармоо боюнча иштер жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>