Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандын хоккей курамасы Иранды утту (видео)

Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандын хоккей курамасы Иранды утту (видео)

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунда (В тайпасы) Иранды утуп, катары менен төртүнчү жеңишине жетти.

Беттеш 3-мартта өтүп, кыргызстандыктар Ирандын хоккейчилерин 18:0 эсебинду утуп алды.

Эскерте кетсек, аталган мелдешке Кыргызстан, Иран, Гонконг, Малайзия, Сингапур, Босния жана Герцеговина катышууда. Ар бир команда бири-бири менен айлампа түрүндө ойнойт. В тайпасында биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар ушул эле дивизиондун А тайпасында оюн ойноого мүмкүнчүлүк алат.

Биринчи оюнунда кыргызстандык спортчулар Сингапурду 14:2, андан кийин Босния жана Герцеговинаны 10:1 жана үчүнчү оюнунда Малайзияны 22:0 эсебинде жеңген.

Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өтүп жаткан мелдеш 27-февралда башталган, 5-мартта жыйынтыкталат.

Оюндардын жадыбалы:

  • 5 март: Гонконг — Кыргызстан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>