Генералдар ИИМдин күзөт кызматкерлери менен жолугушту

Генералдар ИИМдин күзөт кызматкерлери менен жолугушту

Генералдар кеңешинин мүчөлөрү Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 3-мартта өткөн жолугушууга министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов, Генералдар Кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, ИИМдин Генералдар кеңешинин коомдук мүчөлөрү милициянын отставкадагы генералдары Осмонали Гуронов жана Шейшенбек Байзаков катышкан.

Иш-чарага келген ардагерлер белгилегендей, эгемендүү мамлекет түптөлө баштаганда, милиция кызматкерлери  өтө татаал шарттарда иштөөгө туура келген. Алар кээде электр жарыксыз, техникасыз жана жылуулуксуз иштеп, документтерди машинкаларга кол менен басып чыгарышкан. Бүгүн милиция кызматкерлери бардык зарыл болгон материалдык-техникалык база менен жабдылган.

Ал эми, Октябрь Урмамбетовдун айтымында, мамлекет тарабынан милициянын ишин ыңгайлуу шарттар менен камсыз кылуу үчүн мүмкүн болгон бардык аракеттер көрүлүп, материалдык-техникалык база оңолуп, атайын техника менен камсыздоо жаатында алгылыктуу иштер жүрүүдө.

«Жыйынтыгында кандай мезгил болбосун милицияга болгон коомдун ишеними жана талабы жогору бойдон кала берери, андыктан милициясынын өзөгүн, ички иштер кызматкерлеринин басымдуу көпчүлүгүн ак ниет, намыстуу, мекенге берилген инсандар түзүзүп, милициянын катарында жогорку кесиптик жана руханий-адеп-ахлактык сапаттарга ээ болгон гана адамдар кызмат кылуусу керектиги айтылды», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>