Министр Улан Ниязбеков Кытайда өткөн глобалдык форумга катышты

Министр Улан Ниязбеков Кытайда өткөн глобалдык форумга катышты

Ички иштер министри Улан Ниязбеков баштаган ИИМдин делегациясы 19 — 21-сентябрь күндөрү Кытайдын Цзянсу провинциясынын Ляньюньган шаарында өтүп жаткан коомдук коопсуздук боюнча кызматташтыктын Глобалдык форумунун (GPSCFL) конференциясына катышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Делегациянын курамында ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Нурбек Жангабылов жана ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын полковниги Сталбек Рахманов бар.

Форумга ар кайсы өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын көрүнүктүү өкүлдөрү жана эксперттери чогулду. Форумдун максаты – алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешкен стратегияларды иштеп чыгуу болду.

Кыргызстандын делегациясы мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылууга багытталган биргелешкен демилгелерди талкуулоого активдүү катышты. Алар эл аралык кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришип, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө билим, алдыңкы усулдар менен алмашуу жана укук тартиби жаатында жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Талкуунун негизги аспектилеринин бири укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуунун жаңы технологияларын жана ыкмаларын киргизүү болду.

GPSCFL — 2015-жылы Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлиги тарабынан ишке киргизилген бейөкмөт жана коммерциялык эмес эл аралык уюм, кызматташуу платформасы. GPSCFL жалпы өнүгүү үчүн жалпы коопсуздуктун негизги концепциясын жетектейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>