Кыргызстанда РФ шайлоосунда Россиянын 2,1 миңден ашык жараны добуш бердиДастан Бекешев: Мамлекеттик бюджеттен пенсия төлөөгө 44 миллиард сом багытталдыФутбол: Кыргызстандын кыздар курамасы алгачкы жолу CAFA чемпионатында алтын медаль жеңдиМинск Кыргызстандын экономикалык демилгелерин толугу менен колдойтЖапаров Кыргызстандагы кышкы спортту өнүктүрүүдө Ютанын тажрыйбасын колдонууга кызыкдарБишкектин бир бөлүгүндө 22-сентябрда ичүүчү суу өчүрүлөт
Дүйнө чемпионаты (U-23): Балбан кыз Сазанова коло үчүн күрөштү улантат
25.10.2024 | 13:15
Кыргызстандык балбан кыз Дилназ Сазанова жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында көңүл жубатуучу беттешке чыгып, коло үчүн күрөштү улантууга мүмкүндүк алды.
23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Албанияда өтүүдө
Балбан кыз Дилназ Сазанова 24-октябрда таймашка чыгып, алгач 1/8 финалда канадалык атаандашын уткан. Бирок чейрек финалда молдовалык спортчуга жеңилген. Молдовалык балбан кыз финалга өткөндүктөн, Сазанова көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүндүк ал. Эгер кыргызстандык спортчу ал беттешинде жеңишке жетсе, коло үчүн күрөшөт.
Беттеш бүгүн, 25-октябрда өтөт.