Ошто камакта отурганына 2 күн болгон адам көз жумган. Окуянын чоо-жайы

Ошто камакта отурганына 2 күн болгон адам көз жумган. Окуянын чоо-жайы

Жогорку сот 2022-жылы август айында Ош шаарындагы №25 тергөө абагында каза болгон 33 жаштагы жарандын (З.М.) өлүмүнө айыпталган адамга өкүм чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында айтылат.

Соттун токтомунда айтылгандай, окуя былтыр 23-августта болжол менен саат 21:00до болгон. №25 тергөө абагында камакта отурган 25 жаштагы Самат (аты өзгөртүлдү) өзүнүн камералашы 33 жаштагы З.М.га оор жаракат келтирүү максатын көздөп, эч себепсиз чыр чыгарып, аны кармаша кеткен. Кармаш учурунда Самат камералашын түртүп жибергенде, ал камеранын ичиндеги дааратканын дубалын сүзүп, жерге кулап калган. Натыйжада 24-августта болжол менен саат 16:30да З.М. алган жараатынан улам абалы начарлап, медицина бөлүмүнө алып чыккан учурда көз жумган.

Кийин бул иш Ош шаардык сотунда каралып, 2022-жылдын 23-декабрында сот айыпталуучу Саматты Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда Саматтын мурда соттолгон иши боюнча өтөй элек жаза мөөнөтүн жарым-жартылай кошуу менен жалпы 10 жылга абакка кескен.

Сот өкүмү чыкканга чейинки камактагы 1 күнү 1 күнгө барабар деп саналып, анын камактагы мөөнөтү 2022-жылдын 23-сентябрынан тарта эсептелген.

Ошондой эле Самат жабырлануучу тарапка моралдык зыян катары 100 миң сом төлөөгө милдеттендирилген.

Андан кийин жабырлануучу тарап экинчи инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрылып, бул кылмыш иши Ош облустук сотунда каралган. 2023-жылдын 25-апрелинде сот Саматтын камактагы 1 күнүн 2 күнгө барабар деп эсептеген (2022-жылдын 23-сентябрынан 23-декабрга чейин сот өкүмү чыкканга дейре камакта отурган күндөрү). Шаардык соттун өкүмүнүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылган.

Ош облустук соттун өкүмүнөн кийин жабырлануучу тарап Жогорку сотко кассациялык даттануу менен кайрылып, биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Ош шаардык сотуна жөнөтүүнү суранган.

Жогорку сот ишти карап чыгып, өтүнүчтү канааттандырган эмес жана облустук соттун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.

Эскерте кетсек, былтыр Ошто «уурдоо» беренеси боюнча шектүү катары кармалып, 22-августта №25 тергөө абагына камакка алынган 33 жаштагы З.М. аттуу жаран эки күндөн кийин, 24-августта каза болгон. Окуя боюнча Жазаларды аткаруу кызматы билдиргендей, 24-августта саат 16:30дар чамасында №25 камерада отургандар эшикти каккылап, камактагылардын бири эсин жоготконун айтып, медициналык жардамды чакырган. Эсин жоготкон делген 33 жаштагы З.М. жүрөгү ооруп жатканына арызданган. Ошондой эле анын эки бутунун сандарында көк ала тактар бар экени аныкталган.

«Айыпталуучу (З.М.) биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн тергөө абагынын медициналык бөлүмүнө жеткирилген. Окуя болгон жерге тез жардам да чакырылган. Саат 16:50лөр чамасында дарыгерлер тобу келип, ал каза болгонун аныкташкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, З.М. аттуу жарандын өлүмүнө курч жүрөк кемтиги себеп болгон», — деп билдирген Жазаларды аткаруу кызматы.

Маркумдун сөөгү өлүкканага экспертизага саат 18:30да жеткирилип, андан кийин аны туугандары алып кетишкен.

Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган.

Оштогу СИЗОго эки күн мурун камалган адам каза болду

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>