Манас шаарындагы Заманбап эл аралык университетинин проректору кармалды — УКМКНарын коругундагы марал багуучу жайдын аймагы 82 гектарга чейин кеңейтилдиКаттоо, курстар, сынак: Кыргызстанда дрон менен тартуу үчүн эмне талап кылынат?Мурдагы «Кыргыз деңизи» («Кыргызское взморье») санаторийи модернизациядан кийин ачылдыЖРТ сертификаттарындагы ката окуу жайларга тапшырууга тоскоол болбойт — Министрлик«Түндүк» тиркемесинде коррупция тууралуу билдирүү кызматы пайда болду
Дүйнө чемпионаты: Үч балбан көңүл жубатуучу беттешке чыгат
11.09.2022 | 22:43
Бүгүн, 11-сентябрда Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде таймашка чыгып, жеңилүү ызасын тарткан кыргызстандык үч балбан көңүл жубатуучу беттештерге чыгат.
Кыргызстандык спортчуларды – Тынар Шаршенбеков (63 кг), Амантур Исмаилов (67 кг) жана Бексултан Махмудовду (97 кг) жеңген балбандар финалга өткөндүктөн, аталган үч спортчу көңүл жубатуучу беттештерде күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Кыргызстандык балбандар көңүл жубатуучу кармаштарын утуп чыкса, коло байге үчүн ат салыша алат.
Аталган беттештер эртең, 12-сентябрда болуп өтөт.
Эскерте кетсек, Тынар Шаршенбеков менен Бексултан Махмудов чейрек финалга чейин жетишсе, Амантур Исмаилов 1/8 финалда жеңилүү ызасын тарткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт