1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты
Дүйнө чемпионатына тандоо оюндары: Кыргызстан Иранга 1:0 менен утулду
06.09.2024 | 09:40
Кыргызстандын футбол боюнча курамасы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагындагы биринчи беттешинде Иранга 0:1 эсебинде жеңилди.
Беттеш кечээ, 5-сентябрда Ирандагы «Фуладшехр» стадионунда өттү. Оюндагы жалгыз голду ирандык чабуулчу Мехди Тареми 34-мүнөттө киргизди. Ошону менен беттеш аяктаганга чейин эсеп өзгөрбөй, Иран 1:0 эсебинде жеңишке жетти.
Эскерте кетсек, дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында 10-сентябрда Кыргызстан Өзбекстан менен беттешет. Оюн Бишкекте өтөт.