Дүйнө кубогу: Акматалиев менен Будажапов кимдер менен күрөшөт?

Дүйнө кубогу: Акматалиев менен Будажапов кимдер менен күрөшөт?

Бүгүн, 10-декабрда АКШнын Коралвилл шаарында кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча Дүйнө кубогу башталат. Бул тууралуу United World Wrestling уюму билдирди.

Мелдеш 10-11-декабрда болуп өтүп, ага кыргызстандык үч балбан катышат. Кыз-келиндер күрөшүндө Айсулуу Тыныбекова (62 кг), ал эми эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев (70 кг) менен Арсалан Будажапов (79 кг) таймашка чыгат. Алар аталган мелдеште дүйнөлүк курама команданын катарында күрөшөт.

Дүйнө кубогунда Эрназар Акматалиев менен Арсалан Будажаповдордун атаандаштары белгилүү болду. Алардын командасы Иран жана Япония менен В тайпасына түшкөндүктөн, кыргызстандык балбандар аталган өлкөлөрдөн келген балбандар менен күч сынашат.

70 килограм салмакта Акматалиевге ирандык Алиакбар Фазлихалили менен Амирмохаммад Язданы, ошондой япониялык Кейтаро Онон атаандаштык кылат.

79 килограмм салмакта Будажапов Ирандан келген Мохаммад Ноходи менен Али Савадкуи жана Япониянын балбаны Яжиро Ямасаки менен күрөшөт.

Буга чейин кыз-келиндер күрөшүндө Айсулуу Тыныбекова кытайлык Сиюан Сун, ошондой эле америкалык Кайла Миракл жана Женнифер Рожерс менен күрөшөрү кабарланган.

Мелдешти UWW.ORG сайтынан түз эфирде көрүүгө болот.

Кыргызстандын күрөш федерациясы билдиргендей, кармаштар 10-декабрда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00до башталат. Дүйнөлүк курама команда таймашка 11-декабрга караган түнү саат 03:00до чыгат.

Дүйнө кубогу – United World Wrestling уюму тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү командалык мелдеш. Ал жылда Дүйнө чемпионатынан кийин өткөрүлөт. Ага Дүйнө биринчилигинде жалпы эсепте алдыңкы беш орунду ээлеген командалар, андан тышкары, алтынчы болуп ар кайсы өлкөнүн балбандарынан түзүлгөн дүйнөлүк команда катышат. Анын курамына кире турган спортчуларды уюм өзү тандайт.

Дүйнө кубогу: Айсулуу Тыныбекованын атаандаштары белгилүү болду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>