Жогорку Кеңеш Кореядан 200 миң долларлык техникалык жардам алат

Жогорку Кеңеш Кореядан 200 миң долларлык техникалык жардам алат

Кечээ, 9-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Жэ менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси Шабданбек Алишев, KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ли Жонгсу катышты.

Нурланбек Азыгалиев Кыргызстан менен Кореянын ортосунда достук жана өнөктөштүк мамилелер жигердүү өнүгүп келе жатканын белгиледи.

«Корея Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү. Биз кызматташтыгыбызды жана достугубузду жогору баалайбыз», — деди ал.

Ал кореялык тарапка Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу, айыл чарба жана санариптештирүү багытында бир катар долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Азыгалиев Корея KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү аркылуу парламенттин санариптик потенциалын бекемдөө максатында Жогорку Кеңешке техникалык жардам көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде элчи Ли Вон Жэ KOICA элчилигинин жана Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн иши тууралуу айтып берди. Ал белгилегендей, KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2023-жылдан 2027-жылга чейин Жогорку Кеңешти санариптештирүү алкагында долбоорду ишке ашырууга киришет.

«Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында 200 миң доллар өлчөмүндөгү тармактык жабдууларды Жогорку Кеңешке берүү актысына кол коюу аземи болду. Актка Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси Шабданбек Алишев, KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ли Джонгсу кол коюшту», — деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>