Дүйнөдөгү коопсуз өлкө. Кыргызстан канчанчы орунда?

Дүйнөдөгү коопсуз өлкө. Кыргызстан канчанчы орунда?

Кыргызстан Global Peace Index рейтинги боюнча дүйнөдө адам жашоосу үчүн коопсуз өлкөлөрдүн ичинен 91-орунду ээледи.

Былтыр бул тизмеде Кыргызстан 76-орунда жайгашкан.

Рейтингге 163 өлкө кирген. Алардын ичинен эң коопсуз өлкө катары Исландия табылган. Ал эми тизменин эң аягында Ооганстан орун алган.

Борбор Азия мамлекеттеринин арасында Өзбекстан – 86, Тажкистан – 92, Казакстан – 97 жана Түркмөнстан 104-орунга жайгашкан.

Аталган рейтинг 2007-жылдан бери жарыяланып келет. Жашоо үчүн коопсуз мамлекеттердин тизмесин түзүүдө ички жана сырткы чыр-чатактар, коңшу мамлекеттер менен болгон мамиле, саясий террор, саясий туруксуздук, коомдук тартип, курал-жарактардын импорту жана экспорту, күч түзүмүндө иштегин адамдардын саны, аскердик чыгымдардын ИДПдагы үлүшү, жасалган оор кылмыштардын саны жана башка көрсөткүчтөр эске алынат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>