Көк бөрү боюнча финалдар жана көчөлөрдүн жабылышы: Бишкекте 6-сентябрга карата иш-чаралардын тартибиКөк бөрү боюнча финалдар жана Көчмөндөр оюндарынын жабылышы: Кыргызстан боюнча фан-аймактардын даректери«60 млн доллар эмес»: Аскат Алагозов «Бишкек Аренанын» баасы тууралуу имиштерди төгүндөдүДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында балбандар таймашы: Ирандык спортчу стронгмэн боюнча чемпион болдуБакыт Сыдыков Кыргызстан санкциялык тобокелдиктер менен кантип күрөшүп жатканын айтып бердиКырчындагы этношаарча санитардык күнгө жабылат: иштөө тартиби жана шаттлдардын токтотулушу
Ишкер Шаменов Жапаровдон министрлик креслону сурап кайрылды
03.09.2022 | 00:16
Ишкер Илгиз Шаменов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Садыр Жапаровго кайрылып, Айыл чарба министрлигинин жетекчилик кызматын сурап, туңгуюктан чыгарам деп убада берүүдө.
“Урматтуу Садыр Жапаров сазга батып, коррупцияга чөмүлүп бара жаткан айыл чарбасын көрүп, жүрөк ооруйт. Министрдин ордун мага бериңиз, олуттуу иштерди кылып, тез арада бул туңгуюктан алып чыкпасак, айыл чарбасын биротоло жерге көмөбүз. Балык чарбасы, айыл чарбасы өлдү, дыйкандар, ишкерлер ыйлап жатат, бир өзгөрүү болгон жок.Тескерисинче артты көздөй, катуу ылдамдыкта өзгөрүүлөр болууда. Министрдин орду атасынан калса дагы эмне болуптур, мен сизге душман эмесмин.
Кыргызстан баарыбыздыкы, сиз Кыргызстан үчүн кандай күйсөңүз, биз сизден ашса ашаарбыз бирок кем калбайбыз.
Кыргызстанды 1-2 жыл ичинде, агрардык өлкөгө айлантып, экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүп, 2-3 эсе кымбат баада сатууга шарт түзүп берем“- деп айтылат анын кайрылуусунда.

Илгиз Шаменов Нарындагы “Жетим-Тоонун” казылышына каршы чыгып, бийлик тараптан куугунтукка кабылганын айтып чыккан. Өзүнүн балык чарбасын дагы жабууга аргасыз болгонун шардана кылган эле. Ал ортодо унаасына граната коюлуп, өкмөттөн жан сакчы сураган. Ал балык чарбасы менен алектенет.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат