Кыргыз-тажик чек ара: Жаңжалдан ок жеген милиция жардамга муктаж

Кыргыз-тажик чек ара: Жаңжалдан ок жеген милиция жардамга муктаж

Тажик-кыргыз чек арасындагы жаңжалдан ок жеген милиция жардамга муктаж. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламенттик жыйында билдирди.

Өткөн жылы кыргыз-тажик жаңжалында Нурлан Заитов аттуу Баткен облустук ишчки иштер башкармалыгынын ага-сержанты минемоттук курал –жарактардан жараат алып, автоматтын огу 2-3 жерин тешип өтүптүр. Бүгүнкү күндө Улуттук госпиталда жатат. 2-3 жолу операция жасаптыр. Бир бутунан 3 жеринен сөөгүн алыптыр. Сөөктүн ордуна темир түтүктөн коюптур. Ал буту ириңдей баштаптыр. Бул бала карыган ата-эненин жалгыз баласы экен, аялы, эки кызы бар экен. Ошол күйүтүнө чыдай албай ата-энеси өтүп кетиптир. Учурда өзүн бага албай кайын энесинин үйүндө жашап жатыптыр. Компенсациясы бериле элек экен ушул убакытка чейин. Эми ириңдеп кеткен жерлериндеги октордун калдыктарын Түркия же башка чет өлкөдөн операция кылынышы керек экен. Азыр өтө оор абалда турат. Баткенге даректүү жардам берели деп жатабыз, келгиле ушул балага жардам берели. Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырма берели. Бир үй-бүлөнүн трагедиясы болуп жатат” – деди депутат.

2021-жылдын 4-июнда саат түнкү үчтө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Баткендин чек ара тилкесинде тажик аскерлеринин аткылоосунан каза тапкандар саны 34 кишиге жетти. Жаркат алгандар 163 кишиге жеткени кабарланган болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>