Кумтөрдөн күйүүчү май уурдап саткан киши кармалды — сүрөт

Кумтөрдөн күйүүчү май уурдап саткан киши кармалды — сүрөт

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан, уурулукка шектүү адамды кармашты. Бул тууралуу, аталган мекеменин басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-май күнү, болжол менен түнкү саат 02.30 чамаларында, Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери, Жети-Өгүз районуна караштуу Сырт өрөөнүнүн «Сары-Мойнок» тилкесинде кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүп жатышкан. Ошол мезгилде, «Ауди С4» автоунааны  токтотуп, текшерген учурда, анын ичинен канистраларга куюлган 300 литр солярка күйүчү майы табылган.

Милиция кызматкерлерине буга чейин, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын айрым кызматкерлери, ишканадан күйүчү майларды уурдашып, жакынкы айылдардын тургундарына сатып жатышкандыгы жөнүндө маалымат түшкөндүктөн, алар автоунаанын айдоочусун жана жүргүнчүсүн, Барскоон айылынын тургундарын 23 жаштагы У.Чны. жана 32 жаштагы Ш.Сны, суракка алган. Алардын айтымында, солярка күйүчү майын, «Кумтөр Голд Компани» ЖАК ишканасында жол түздөө атайын техникасында иштеген кызмкаткеринен сатып алышкандарын билдирген.

Андан кийинки жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин натыйжасында, солярка күйүчү майын саткан жарандын өздүгү аныкталган. Ал, «Кумтөр Голд Компани» ЖАК ишканасы менен келишимдин негизинде иштеп жаткан “Тарылга Сервис” подряттык жеке уюмунун кызматкери, Барскоон айылынын 29 жаштагы тургуну А.Н. болуп чыкты. Жүргүзүлгөн алгачкы суракта, кылмышка шектүү жаран өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.

Аталган факт, Жети-Өгүз РИИБге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда, тергөө амалдары уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>