Дүкөндөн кийим уурдагандар кармалды. Милиция жабыркагандарды издөөдө

Дүкөндөн кийим уурдагандар кармалды. Милиция жабыркагандарды издөөдө

Бишкекте кийим уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-октябрда райондук милицияга М.А. аттуу жаран кайрылып, 13-октябрда болжол менен саат 20:10до Ч. Айтматов проспектисиндеги соода борборундагы дүкөндөн белгисиз адамдар баасы 46,7 миң сомдук спорттук кийимди уурдап кеткенин билдирген.

Бул факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, 21-октябрда кылмышка шектүү катары 19 жаштагы А.З. жана 21 жаштагы К.Б. аттуу жарандар кармалган. Азыркы тапта алар райондук соттун чечими менен 15 күнгө камакка алынган.

Андан тышкары, кармалгандардын бири К.Б. аттуу жарандын үстүнөн дагы эки арыз түшүп, учурда ал окуяда келтирилген зыяндун өлчөмү такталууда.

Учурда кармалгандардын уурдоо менен байланышкан башка иштерге катыштыгы бар же жок экендиги текшерилип жаткандыктан, милиция аталган жарандардан жабыркаган адамдарды 0 (312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0(502) 102-149, 0(555) 102-149, 0(779) 043-407 же 102 номерлерине кайрылууга чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>