Садыр Жапаров БАЭге учуп кетти. Делегациянын курамы — тизме

Садыр Жапаров БАЭге учуп кетти. Делегациянын курамы — тизме

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында президент БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу мерчемделген.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

– президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев;

– Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев;

– жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова;

– финансы министри Алмаз Бакетаев;

– экономика жана  коммерция министри Данияр Амангелдиев;

– энергетика министри Таалайбек Ибраев;

– Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров;

– Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров;

– президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;

– министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Темирбек Эркинов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>