Молдокматов: Экспертиза кылмыштын курамы жок экенин көрсөттү

Молдокматов: Экспертиза кылмыштын курамы жок экенин көрсөттү

Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурган саясатчы Жеңиш Молдокматов аудиожазуулардын соттук-лингвистикалык экспертизасынын жыйынтыгы менен 3-февралда таанышканын жана анда массалык башаламандык уюштуруунун белгилери болгон эмес деген тыянак чыкканын билдирди. Бул тууралуу маалымат 7-февралда анын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.

Молдокматовдун айтымында, тергөө иштери №1 тергөө абагында өтүп, бул аракет жактоочулардын ишин оорлотуу үчүн жасалган.

«Экспертизага берилген материалдарда бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүн күч колдонуп өзгөртүүгө, жана ошондой эле жарандарды расалык, этникалык, улуттук, диний белгилерине жараша өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын белгилеген, басынтууну пропагандалуучу сөздөр, айтымдар, сүйлөмдөр камтылган эмес. Бизге коюлган кине боюнча кылмыштын курамы болгон эмес жана жок», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

13-декабрда да сот болуп, аларды 20-февралга чейин абакта калтырды.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

«Кыйноолор болууда». Камактагы Айбек Бузурманкуловдун жубайы менен маек — видео

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>